> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саламаттык сактоо министри аймактардагы реабилитацияны талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/salamattyk-saktoo-ministri-aimaktardagy-reabilitatsiiany-talkuulady/
- Published: 2026-09-18T03:50:40.000Z
- Updated: 2026-09-18T03:50:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

Иш сапардын жүрүшүндө аймактардагы балдар үчүн реабилитациялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселеси талкууланды. Министр аймактардан келген адистерди борбордун базасында окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул жер-жерлерде адистердин тажрыйбасын жогорулатып, балдарга зарыл жардамды жашаган жерине жакын көрсөтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, борбордун реабилитациялык инфраструктурасын кеңейтүү, анын ичинде кошумча корпус куруу мүмкүнчүлүгү каралды. Кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү долбоордук-сметалык документтерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

> Маалымдалгандай, 2019–2026-жылдары борбордо 2 миңден ашуун ата-эне окутуудан өтүп, 1 500гө жакын жеке консультация берилген. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 185 үй-бүлө кызмат алган. Учурда борбордун кызматтарынан 242 үй-бүлө пайдаланууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**