> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 275 орундуу жаңы мектеп ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/zhalal-abadda-275-orunduu-zhany-mektep-achyldy/
- Published: 2026-09-18T06:30:13.000Z
- Updated: 2026-09-18T06:30:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылында Чыңгыз Айтматов атындагы 275 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1 236 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулду.

Жаңы мектепте балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда заманбап окуу кабинеттери, компьютердик класстар, жыйындар залы, спорт зал, ашкана жана волейбол аянтчасы бар.

Белгилей кетсек, бул мектеп өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилүүчү 105 социалдык объектинин катарына кирет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**