> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматына иштөөнү каалагандар “Кыргызтесттен” өтүшү абзел
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/19/bazhy-kyzmatyna-ishtoonu-kaalagandar-kyrgyztestten-otushu-abzel/
- Published: 2026-09-19T03:25:45.000Z
- Updated: 2026-09-19T03:25:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бажы органдарында кызмат өтөөгө кирүү үчүн конкурска катышууга документтерди тапшырууда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган “Кыргызтест” системасынын сертификаты талап кылынат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Билдирүүгө караганда, КРнын “Мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда колдонууга тийиш.

> “Дагы бир маанилүү жагдай. 2026-жылдын 31-декабрына чейин В1 деңгээли талап кылынат, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып — В2 деңгээли талап кылынат. Ошондуктан, бажы органдарында кызмат өтөөнү караштырып жаткан тараптар тестирлөөдөн өтүүнү эске алышы керек” – дейт билдирүүдө.

 Ал эми конкурс өткөрүүнүн жана документтерди кабыл алуунун так мөөнөттөрү, зарыл болгон документтердин тизмеси, квалификациялык талаптар жана конкурстан өтүүнүн тартиби боюнча маалымат 2026-жылдын аягына чейин Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан кошумча жарыяланат