> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/19/bishkektin-airym-raiondorunda-ichuuchu-suu-ubaktyluu-toktoit/
- Published: 2026-09-19T06:00:22.000Z
- Updated: 2026-09-19T06:00:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, **22-сентябрда** саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы башка объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактарга - Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, “Алтын-Ордо”, “Кара-Жыгач” конуштары жана “Полиция шаарчасы” кирет.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

> Ал эми **24-сентябрда** саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек Жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсү — Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Мындан тышкары, “Красный Строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын-Бешик”, “Салам-Алик”, “Ак-Босого” конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү убактылуу токтотулат.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу “Түндүк” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштырышууда.

Белгилей кетсек, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.