> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/19/murdagy-ozgocho-kyrdaaldar-ministri-boobek-azhikeev-karmaldy/
- Published: 2026-09-19T02:50:55.000Z
- Updated: 2026-09-19T02:50:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын Аскер прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталды.**

> Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, имарат долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз, Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында, дарыядан 5 метр аралыкта курулган. Мунун кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында кылмыш жасоого шектүү катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри **Бообек Ажикеев** кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.