> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/19/talasta-manas-demi-2026-kairymduuluk-zharyshy-ottu/
- Published: 2026-09-19T08:30:17.000Z
- Updated: 2026-09-19T08:32:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде "Манас Деми – 2026" кайрымдуулук жарышы болуп өттү. Жарышка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жөө күлүктөр, үй-бүлөлөр, күйөрмандар жана башка коноктор катышты.**

Жарышка катышуучулар 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыкта күч сынашты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жарыш 1 км аралыкка акысыз уюштурулду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/2f5e0911-7602-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Мындан сырткары балдар үчүн өзүнчө “Манас Деми – Балакай” жарышы өтүп, марага жеткен балдарга медаль жана өнөктөштөрдүн белектери тапшырылды.

Жарыштан түшкөн каражат Талас облусундагы реабилитациялык борборлорго жана балдар үйлөрүнө жумшалат.

Иш-чара КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси жана «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосунун алдында уюштурулду.