> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/20/baldardyn-meditsinalyk-maalymkattaryn-emi-elektronduk-turdo-beruugo-bolot/
- Published: 2026-09-20T06:50:51.000Z
- Updated: 2026-09-20T06:50:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат.**

> Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. 2026-жылдын 24-августунан тартып бул маалымкат электрондук түрдө гана берилет. Ошондуктан билим берүү мекемелери анын кагаз түрүндөгү нускасын талап кылбашы керек.

****095/у** маалымкаты баланын ден соолугуна байланыштуу сабактан бошотулганын тастыктайт. Ал эми **026/у** формасы баланын ден соолугунун абалы жана профилактикалык медициналык кароолорунун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды камтыйт. 

Ал 2027-жылдын 1-январына чейин электрондук да, кагаз түрүндө да бериле берет. Эгер 026/у маалымкаты электрондук түрдө бар болсо, анын кагаз көчүрмөсүн кайра талап кылуунун зарылдыгы жок.