> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/aksy-raionunda-sooda-logistikalyk-borbor-achyldy/
- Published: 2026-09-21T05:30:59.000Z
- Updated: 2026-09-21T05:30:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунун Кожо-Ата айылындагы "Бакча" айыл чарба кооперативине караштуу соода-логистикалык борбордун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Аталган борбор айыл чарба продукцияларын, мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ачылыш аземинде Рысгүл Акимжанова соода-логистикалык борборлордун аймактардагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

> "Бул борбордун ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт", - деди ал.

Иш-чарага Аксы райондук администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.