> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азия оюндары-2026: Биринчи медалдык күндүн жыйынтыгы
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/aziia-oiundary-2026-birinchi-medaldyk-kundun-zhyiyntygy/
- Published: 2026-09-21T05:15:25.000Z
- Updated: 2026-09-21T05:15:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча алгачкы жыйынтыктар чыгып Кыргызстандык балбандар 2 коло медалды утуп алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, Дастан Каныбек уулу 60кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште Жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда Ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган. Бүгүн, ал Өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.

Ал эми Сыймык Жаныбек уулу чейрек финалдан баштап, Иорданиялык Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңген. Бүгүн, жарым финалда Бахрейндик Мухаммад Набиев менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп, үчүнчү орунга ээ болду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/9a7c1613-3b86-462a-a349-b171bc439c40.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/436d7dc3-c965-4705-8a06-8586406123e1.jpg)

Азия оюндарынын биринчи медалдык күнүндө Казакстандын курамасы алты медаль — төрт алтын жана эки коло медаль — алып келгендигин [shyndyk.kz ](https://shyndyk.kz/ru/novosti-ru/sports/zolotoj-start-kazahstan-zanyal-chetvertoe-mesto-v-medalnom-zachete-v-pervyj-den-aziady-2026/)маалымат булагынан кабарлашты. 

> Билдирүүгө караганда, Казакстан жалпы медалдык эсепте төртүнчү орунду ээледи. Күндүн эң маанилүү учурлары казакстандык велосипедчилер менен каратэчилеринде болуп, алар курама команданын куржунуна төрт алтын медалды алып келишкен.