> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек Hunan Construction Investment Group менен жол маселесин талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/bishkek-hunan-construction-investment-group-menen-zhol-maselesin-talkuulady/
- Published: 2026-09-21T04:30:27.000Z
- Updated: 2026-09-21T04:30:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында Хунань провинциясындагы ири курулуш компанияларынын бири - Hunan Construction Investment Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.**

> Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги темасы Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Тараптар жолдорду куруу жана реконструкциялоо, заманбап транспорттук түйүндөрдү куруу, ошондой эле көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана унаа тыгындарын азайтуу максатында комплекстүү инженердик чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашты.

Мэр Айбек Жунушалиев кытайлык компанияга борбор калаадагы транспорттук кырдаалды изилдеп, шаардын жол тармагына өсүп жаткан жүктөмдү эске алуу менен конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.

Компаниянын өкүлдөрү чет өлкөлөрдө ири жол жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, Бишкек шаары менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар компания менен мэриянын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү, сунуштарды деталдуу иштеп чыгуу жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүү боюнча макулдашышты.