> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/bishkekte-avtobus-zhuk-tashuuchu-unaa-menen-kagylyshyp-bir-zhurgunchu-zharakat-aldy/
- Published: 2026-09-21T10:56:53.000Z
- Updated: 2026-09-21T10:56:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 21-сентябрында саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.**

> Билдирүүгө караганда, Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жол-транспорт кырсыгы Ички иштер органдарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгында каттоого алынды. Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**