> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/chui-oblusunda-750-orunduu-zhany-mektep-kurulup-buttu/
- Published: 2026-09-21T11:35:18.000Z
- Updated: 2026-09-21T11:35:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка караганда, долбоор аталган министрлик тарабынан ишке ашырылды. Аянты 8 миң чарчы метрден ашкан мектептин курулушу 2026-жылдын февралында башталган. Азыр ичинде тазалоо жана эмерек орнотуу иштери жүрүүдө.

Мектепте балдар үчүн бардык шарт түзүлгөн: эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары бар.

Бул - Кашка-Баш айылында 30 жылдан бери курулган алгачкы жаңы мектеп.