> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# GovTicket аркылуу “Бишкек Аренанын" ачылышына акысыз билеттер бериле баштады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/govticket-arkyluu-bishkek-arenanyn-achylyshyna-akysyz-biletter-berile-bashtady/
- Published: 2026-09-21T03:10:45.000Z
- Updated: 2026-09-21T03:10:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**5-октябрда “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышына арналган шоу-концерт өтөт. Ага кирүү акысыз, бирок көрүүчүлөр алдын ала катталып, билет алышы шартталат. Билетти электрондук билеттердин мамлекеттик порталы GovTicket аркылуу алуу мүмкүндүгүн аталган аянтчадан билдиришти.**

Биринчи этапта көрүүчүлөр үчүн 10 миң билет ачылды. Ошол эле учурда сайтка түшкөн жүктөмдүн көбөйүшүнө байланыштуу порталда убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн.

> Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөрүн жана ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулуп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калгандар үчүн, бул жакшы жаңылык экенин кошумчалаган.

Жалпысынан 5-октябрда трибуналар жана фан-зона менен кошо 60 миңге жакын көрүүчүнү кабыл алуу пландалууда.

###   **Билетти кантип алса болот?**

Акысыз билет алуу үчүн:

 \- ticket.gov.kg. мамлекеттик порталына кирүү;  
\- 5-октябрдагы “Бишкек Аренанын” ачылышына арналган иш-чараны табуу;  
\- Каттоодон өтүп, акысыз билетти тариздөө керек.

Коопсуздук максатында стадиондо Face ID системасы колдонулат. Каттоодон өткөн көрүүчүлөр аренага жүздү таануу технологиясы аркылуу киргизилет.

Билеттер бериле баштагандан кийин GovTicket порталы жүктөмдүн көбөйүшүнө байланыштуу сайтта убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Эгер катталууда же билет тариздөөдө ката чыкса, бир нече мүнөттөн кийин кайра аракет кылуу сунушталат. Адистер порталдын ишин турукташтыруу боюнча чараларды көрүшүүдө.