> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күйүүчү майдын баасы жыл аягына чейин жогорулабайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/kuiuuchu-maidyn-baasy-zhyl-aiagyna-cheiin-zhogorulabait/
- Published: 2026-09-21T10:15:31.000Z
- Updated: 2026-09-21T10:15:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстан мунайзаттарды сырттан ташыгандыктан, дүйнөлүк баа түздөн-түз ички рынокко таасир этет. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, сырткы баанын кескин өсүшүн кармап туруу үчүн мамлекет субсидия механизмин колдонууда. 24-25-августка карата нефтетрейдерлерге **956 млн 139 миң сом** компенсация берилген. Механизм 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Азыр чекене баалар:

• АИ-92 бензини - **87,90 сом**;

• дизелдик отун - **99,90 сом**;

• автогаз - **48,80 сом**.

Энергетика министрлиги билдиргендей, мамлекеттик колдоо болбосо, бензин **111-118 сом**, дизель **125-137 сом**, газ **51-54 сомго** чейин кымбаттамак.