> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын аскер контингенти ЖККУнун машыгууларына катышат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/kyrgyzstandyn-asker-kontingenti-zhkkunun-mashyguularyna-katyshat/
- Published: 2026-09-21T07:45:24.000Z
- Updated: 2026-09-21T07:45:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Коргоо министрлигинин аскер контингенти ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларына катышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалымдалгандай, машыгуулар 20-сентябрдан 3-октябрга чейин өтөт. Кыргызстандын аскерлери машыгуу өтүүчү жерге 20-сентябрда жөнөп кетишти.

Контингент "Взаимодействие-2026", "Поиск-2026" жана "Эшелон-2026" биргелешкен машыгууларына, ошондой эле "Центр-2026" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусуна катышат.

Машыгуулар Орусиянын Чебаркуль полигонунда өткөрүлөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**