> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 100 млн долларлык ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/21/oshto-100-mln-dollarlyk-iri-investitsiialyk-dolboor-ishke-ashyrylat/
- Published: 2026-09-21T03:45:13.000Z
- Updated: 2026-09-21T03:45:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, тараптардын милдеттери төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:  
> • Мэрия мыйзам чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого жана уюштуруу, административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.  
> • Ал эми инвестор долбоорду өз каражаты жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржылап, долбоорлоону жана курулушту ишке ашырат, ошондой эле керектүү технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат.

Инвестициянын так көлөмү, курулуш мөөнөттөрү жана курула турган заводдордун тизмеси өзүнчө келишимдер менен бекитилет. Долбоор ишке ашса, шаарда 500 жаңы жумуш орду түзүлүп, Ош шаарынын экономикалык дарамети жогорулайт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**