> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылдын бюджети 51 млрд сом профицит менен аткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/2025-zhyldyn-biudzheti-51-mlrd-som-profitsit-menen-atkaryldy/
- Published: 2026-09-22T10:20:31.000Z
- Updated: 2026-09-22T10:20:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 2025-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.**

> Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы бюджеттин кирешеси 606 млрд сом пландалып, 615 млрд сом аткарылган. Чыгашалар 590 млрд сом планда 564 млрд сомду түзүп, бюджет 51 млрд сом профицит менен жабылган.

Депутат Чолпон Эсенаманова Транспорт министрлигине 59 млрд сом бөлүнсө да, Кара-Балта - Чалдыбар жана Төө-Ашуу - Арал жолдору бүтө электигин белгиледи.

Депутаттар Жылдыз Садырбаева, Медина Кайрылбекова бюджеттин аткарылышы, Эсеп палатасы аныктаган мыйзам бузуулар жана өрт өчүрүүчү техника менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү.