> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Агартуу министрлиги: Жеке мектептердин окуу акысын биз белгилебейбиз
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/agartuu-ministrligi-zheke-mektepterdin-okuu-akysyn-biz-belgilebeibiz/
- Published: 2026-09-22T07:30:48.000Z
- Updated: 2026-09-22T07:30:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Агартуу министрлиги жеке менчик мектептердеги окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана жөнгө салбайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Ведомствонун маалыматына ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын баасы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат. Окуу акысынын өлчөмү жана төлөө шарттары мектеп менен ата-энелердин ортосундагы келишимде көрсөтүлөт.

Мыйзамга ылайык, жеке мектептердин билим берүү кызматтары мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.

Ал эми мамлекеттик мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү акысыз жүргүзүлөт. Баланы жеке мектепке берүү - ата-эненин жеке тандоосу.

Министрлик ошондой эле жеке мектептердин өнүгүүсү үчүн лицензия берүү жеңилдетилгенин белгиледи.