> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/bishkekte-20-zhany-mektep-kuruldu/
- Published: 2026-09-22T10:00:57.000Z
- Updated: 2026-09-22T10:00:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Борбор калаада 20 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, бүткөрүлгөн мектептердин бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1200 орундуу мектеп.

Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Заманбап мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган.

Курулуш толук аяктап, азыр пайдаланууга даярдоо иштери жүрүп жатат. Жаңы мектептер билим берүүгө болгон муктаждыкты азайтат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**