> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте ЕАЭБдин экспорттук-кредиттик агенттиктеринин жыйынынын финалдык күнү өтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/bishkekte-eaebdin-eksporttuk-kredittik-agenttikterinin-zhyiynynyn-finaldyk-kunu-otuudo/
- Published: 2026-09-22T07:15:27.000Z
- Updated: 2026-09-22T07:15:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында 21-22-сентябрда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттук-кредиттик агенттиктеринин өкүлдөрүн бириктирген эл аралык иш-чаранын финалдык күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.**

> Маалымдалгандай, бүгүнкү күндүн башкы темасы - "Экспорттук-кредиттик камсыздандыруу механизмдерин өркүндөтүү: андеррайтинг, тариф саясаты жана ЭКАны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары.

Экинчи күндүн программасы 3 негизги сессияга бөлүнгөн:

• 4-сессия - ЭКАнын продуктулары жана портфели. Эксперттер портфелдердин түзүмүн, жаңы тармактар үчүн камсыздоону жана чийки заттык эмес экспортту колдоону талкуулашууда.

• 5-сессия - Андеррайтинг жана тарифтер. Тобокелдиктерди баалоонун жаңы ыкмалары жана камсыздандыруу тарифтерин түзүү маселелери каралууда.

•6-сессия - Сабактар жана ЭКАнын келечеги. Агенттиктердин калыптануусундагы тажрыйбалар жана алдыдагы жылдардагы өнүгүү тренддери талкууланат.