> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте киберкоопсуздук боюнча CYBERNOMAD FEST 2026 өтүп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/bishkekte-kiberkoopsuzduk-boiuncha-cybernomad-fest-2026-otup-zhatat/
- Published: 2026-09-22T04:50:53.000Z
- Updated: 2026-09-22T04:50:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук «CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалы өтүүдө. “Жаштык Аренада” уюштурулган ишчарага - мамлекеттик органдардын, банктар жана каржы уюмдарынын, телекоммуникация жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.**

Быйыл фестиваль **700дөн ашуун катышуучуну** бир аянтчага чогултту. Фестивалдын алкагында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Анда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, учурдагы киберкоркунучтар жана коопсуздук жаатындагы координацияны күчөтүү маселелери талкууланды.

****“CYBERNOMAD FEST 2026” -** төрт негизги багытты камтыйт: ****Cyber Conference** форуму, ****Cyber EXPO** технологиялык көргөзмөсү, практикалык ****Cyber Nomad CTF** кибермелдештери жана кесиптик байланыштарды түзүүгө багытталган ****Networking Hub** аянтчасы.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/WhatsApp-Image-2026-09-22-at-10.21.20.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/WhatsApp-Image-2026-09-22-at-10.21.19--1-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/ec65a9e6-0153-4754-9355-21606f438b24.jpg)

- **Cyber Nomad CTF -** практикалык кибермашыгуулар жана мелдештер өзгөчө орунду ээлейт. Мелдештин финалына тандоо турларынан өткөн 11 команда чыкты. Финал Attack/Defense форматында өтүп, командалар өздөрүнүн системаларын коргоо менен бирге атаандаштарынын инфраструктурасындагы алсыздыктарды аныктоого аракет кылышат.
- Ал эми **Cyber Conference** форумунда - мамлекеттик маалыматтык системаларды жана критикалык маалыматтык инфраструктураны коргоо, заманбап киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү, банк жана телекоммуникация секторлорунун коопсуздугу, ошондой эле киберкоопсуздук боюнча адистерди даярдоо маселелери талкууланууда.
- **Cyber EXPO** аянтчасында - киберкоопсуздук боюнча **1**0дон ашык уюмдун технологиялары жана чечимдери сунушталууда.
- **Networking Hub —** мамлекеттик органдардын, бизнестин, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн кесиптик баарлашуусу, жаңы байланыштарды түзүүсү жана кызматташтыкты өнүктүрүүсү үчүн түзүлгөн аянтча.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/WhatsApp-Image-2026-09-22-at-10.21.19--2-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/WhatsApp-Image-2026-09-22-at-10.21.19.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/WhatsApp-Image-2026-09-22-at-10.21.20--2-.jpeg)

Фестивалдын негизги **уюштуруучусу** — КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Иш-чара Улуттук банктын, SkySOC Beeline компаниясынын жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин активдүү катышуусу жана уюштуруучулук өнөктөштүгү менен өткөрүлүүдө.

****CYBERNOMAD FEST 2026** \- Кыргыз Республикасында кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, практикалык тажрыйба алмашуу, жаңы адистерди даярдоо жана кибертуруктуулукту чыңдоо үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү улуттук аянтчага айланууну көздөп жатат.