> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чет өлкөдө жүргөн 10 жаранга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилген
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/chet-olkodo-zhurgon-10-zharanga-myizamsyz-diplom-zhana-attestat-berilgen/
- Published: 2026-09-22T06:00:24.000Z
- Updated: 2026-09-22T06:00:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2024–2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалап, аларга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз берип келгендиги аныкталды**.

> Мындай мыйзам бузуу билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, аталган райондун прокуратурасы тарабынан ачыкталгандыгын, Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**