> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/elektromobil-alyp-kiruuchulorgo-eskertuu-zhenildetilgen-kvota-aiaktap-baratat/
- Published: 2026-09-22T12:05:54.000Z
- Updated: 2026-09-22T12:05:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.**

2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген.

> Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын [customs.kg](https://customs.kg/site/ky/master/customskg?fbclid=IwY2xjawUfSS5wZG9mBWV4dG4DYWVtAjEwAGJyaWQRMUlUd1ppV09JS2ZidDM1UldzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEewSA7L8uDWFadEpxWGV2EOX2xllyobOiSBz0C955nMlrGFQ5YCMaYLLmRV88%5Faem%5FrXlgfmAAZ9eN2M0e9n1r8g) сайтында онлайн түрдө жаңыланып турат. Ар бир бажылык тариздөөдөн кийин эсептегич автоматтык түрдө өзгөрөт.

Квота толук пайдаланылгандан кийин электромобилдерди алып кирүүдө ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык бажы наркынын 15% өлчөмүндө алым алына баштайт.

Бажы кызматы электромобиль алып кирүүнү пландаган жарандарга квотанын абалын расмий сайттан көзөмөлдөп турууну сунуштады.