> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан WorldSkills Shanghai 2026 чемпионатына 7 багытта катышууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/kyrgyzstan-worldskills-shanghai-2026-chempionatyna-7-bagytta-katyshuuda/
- Published: 2026-09-22T07:45:16.000Z
- Updated: 2026-09-22T07:45:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Шанхай шаарында 22-27-сентябрда өтүп жаткан WorldSkills Shanghai 2026 дүйнөлүк чемпионатына катышып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, мелдеш Улуттук көргөзмө жана конгресс борборунда өтүүдө. Чемпионатка 68 өлкөдөн 1 385 жаш адис катышууда, сынактар 64 компетенция боюнча өткөрүлөт.

Кыргызстан быйыл 7 багыт боюнча катышууда:

• Ширетүү технологиялары - Марлен Максатов

• Кулинардык искусство – Эльдар Омушев

• Мода технологиялары – Ханифа Сыргакова

• Өнөр жай дизайны – Биназир Мавлянова

• Графикалык дизайн – Мелисса Омурзакова

• Веб-технологиялар – Бекнур Жееникулов

• Мобилдик тиркемелер – Акай Аваскулов

Команданын катышуусу Агартуу министрлиги жана WorldSkills Kyrgyzstan фонду тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргызстан WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болгон.