> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек, Ош шаарларында 22 млн долларга фарм-логистика комплекстери курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/kyrgyzstan-zhana-kytai-bishkek-osh-shaarlarynda-22-mln-dollarga-farm-logistika-kompleksterin-kurat/
- Published: 2026-09-22T08:32:40.000Z
- Updated: 2026-09-22T08:35:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргыз делегациясынын Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызфармация" МИ менен кытайлык HUBEI TAIFU HOLDING GROUP компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.**

> Маалым болгондой, меморандумдун негизги багыты - Кыргызстандын фармацевтикалык логистика инфраструктурасын өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Тараптар Бишкек жана Ош шаарларында заманбап автоматташтырылган фармацевтикалык логистикалык комплекстерди куруу долбоорун талкуулашууда. Алдын ала инвестиция көлөмү **22 млн доллардын** тегерегинде.

Долбоорлор автоматташтырылган жана роботтоштурулган кампа технологияларын, дары-дармектерди сорттоо жана топтоо, санарип башкаруу жана сактоо шарттарын көзөмөлдөөнү камтыйт.

Жаңы комплекстер улуттук фармацевтикалык логистика системасынын бир бөлүгү болуп, дары-дармектерди GDP стандарты боюнча сактоону жана аймактарды үзгүлтүксүз камсыздоону камсыздайт.