> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/olkodo-2-zhylda-281-zavod-ishke-kirdi-20-min-zhumush-orun-tuzuldu/
- Published: 2026-09-22T03:20:24.000Z
- Updated: 2026-09-22T03:20:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2024–2026-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" улуттук долбоорунун алкагында өлкө боюнча 281 ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, долбоордун алкагында **2 млрд доллардан ашуун** инвестиция тартылып, **20 миң 800 жаңы жумушчу орун** түзүлгөн.

2026-жылдын аягына чейин дагы 47 жаңы өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда.

Негизги багыттар - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын, курулуш материалдарын жана фармацевтика продукциясын өндүрүү, ошондой эле энергетика жана логистика тармактарын өнүктүрүү.

Долбоордун максаты - ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, чийки затты кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияларды чыгаруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү.