> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/sotsialdyk-dolboorlorgo-bolungon-3-7-mln-som-maksatsyz-paidalanylgany-anyktaldy/
- Published: 2026-09-22T09:17:19.000Z
- Updated: 2026-09-22T09:17:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.**

> Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдары Эмгек министрлиги жалпы **3 млн 737 миң 313 сомго** 6 келишим түзгөн. Текшерүүдө жооптуу кызматкерлер бюджеттик каражатты өздөштүрүп, отчетко жалган маалымат киргизип, көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган.

Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, карыларды жана турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган акча максатсыз кеткен.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379, 210 жана 348-беренелери менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.