> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоодо таштанды таштаган жарандарга 11 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/toodo-tashtandy-tashtagan-zharandarga-11-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-22T09:00:10.000Z
- Updated: 2026-09-22T09:00:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаратылышка эс алууга барып, таштанды таштап кеткен жарандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.**

> Маалым болгондой, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн боюнча башкармалыгы Instagram социалдык тармагындагы маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзгөн. Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте укук бузуучулар аныкталды.

Аларга карата 2 протокол түзүлүп, **11 миң сом** айып салынды. Ошондой эле жаратылышты таза сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**