> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркияда өлкөнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/turkiiada-olkonun-suu-zhana-azyk-tuluk-koopsuzdugu-talkuulandy/
- Published: 2026-09-22T11:30:18.000Z
- Updated: 2026-09-22T11:30:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Түркиянын Измир шаарында "COP31ге карай: суу – азык-түлүк – климат" аттуу аймактык семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, семинарда Кыргызстандын Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев баяндама жасады.

Ал Кыргызстан үчүн суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшү тыгыз байланышта экенин белгиледи. Өзгөчө айыл чарбасы сууга жана климатка көз каранды экенин айтты.

Ошондой эле 2025-2030-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу программасынын маанилүүлүгү, туруктуу өнүктүрүү жана тармактар аралык кызматташтык талкууланды.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен климаттык чакырыктарды бирге чечүүгө жана аймактык кызматташтыкты улантууга даяр экени билдирилди.