> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө айыл чарба продукциясын экспортко даярдаган жаңы ишкана ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/22/ysyk-koldo-aiyl-charba-produktsiiasyn-eksportko-daiardagan-zhany-ishkana-ishke-kirdi/
- Published: 2026-09-22T08:00:13.000Z
- Updated: 2026-09-22T08:00:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Кашат айылында ишкер Бекжан Рысбековдун өндүрүштүк объектисине Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы барды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.**

> Маалыматка ылайык, ишкер жашылча-жемиштерди өстүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо менен алектенет. Долбоордун алкагында ишкердин **13 млн сомдук** салымы жана АӨБдүн **22 млн сомдук** кредитинин эсебинен **400 тонналык** кампа жана суткасына **20 тоннаны** кайра иштетүүчү шоктук тоңдуруу борбору курулган.

Учурда ишкана продукцияны тоңдуруп, сактап, чет өлкөгө экспорттоодо. Чарбада 6 гектар жерде карагат жана малина өстүрүлүп, 30 туруктуу жумуш орду түзүлгөн.

Иш сапарга жергиликтүү фермерлер да катышып, продукцияны жеткирүү жана кызматташуу маселелери талкууланды.

Долбоор - "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" программасынын алкагында ишке ашырылууда.