> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/ak-ordo-konushunda-750-orunduu-zhany-mektep-kurulup-buttu/
- Published: 2026-09-23T05:30:05.000Z
- Updated: 2026-09-23T05:30:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, иштин сапаты министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болгон.

Мектеп 3 кабаттуу, аянты 3349 чарчы метр. Ичинде заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт зал бар. Кошумча сыртта волейбол жана баскетбол аянтчалары курулду.

Учурда мектепти пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**