> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында дагы бир жаңы мектептин курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/bishkek-shaarynda-dagy-bir-zhany-mekteptin-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-09-23T10:05:08.000Z
- Updated: 2026-09-23T10:05:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулду. Алардын бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 1200 орундуу жаңы мектеп. Бул мектепти куруу долбоору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында курулушу башталган.**

> Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, заманбап үлгүдөгү мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имаратта окуу класстары менен катар лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашкан.

Курулуш иштери толугу менен аяктап, учурда мектепти пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн кошумча орундар түзүлүп, билим берүү инфраструктурасына болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**