> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШК президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/bshk-prezidenttikke-talapkerdin-shailoo-fondun-tuzuu-zhana-karazhattaryn-esepke-aluu-tartibin-bekitti/
- Published: 2026-09-23T12:30:13.000Z
- Updated: 2026-09-23T12:30:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору бекитилди.**

> БШКнын маалыматына караганда, жободо - КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын жана талапкерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банк мекемелеринде атайын эсеп ачуу, шайлоо фондунун каражаттарынан шайлоо төгүмүн төгүү боюнча иш-аракеттеринин тартиби аныкталат.

Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттардын түшүү булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды идентификациялоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоо жана талапкерлердин финансылык отчёттуулугунун тартиби жөнгө салынат.