> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/erlist-akunbekov-kytaidyn-munai-kompaniialary-menen-zholuktu/
- Published: 2026-09-23T11:05:07.000Z
- Updated: 2026-09-23T11:05:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын CNPC жана Sinopec компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, мунай кендерин чалгындоо жана иштетүү, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мунай продуктуларын өткөрүүчү куур куруу долбоорлору талкууланды.

Акунбеков президент Садыр Жапаровдун өлкөнү мунай продуктулары менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын белгилеп, Борбор Азиядагы рынокту эске алуу менен кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле "Торугарт" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарынын жанында мунай кампаларын куруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жыйынтыгында жаңы келишимдерди түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантуу макулдашылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**