> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калыс-Ордодогу жаңы мектептин курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/kalys-ordodogu-zhany-mekteptin-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-09-23T09:17:32.000Z
- Updated: 2026-09-23T09:17:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, иштер 2026-жылдын март айында башталып, үч блоктон турган имараттын жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт.

Жаңы корпуста окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт зал каралган. Курулуштун сапаты министрликтин көзөмөлүндө болгон.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**