> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/kyrgyzstan-kytaiga-dan-azyktaryn-torugart-arkyluu-eksporttoi-bashtait/
- Published: 2026-09-23T07:55:05.000Z
- Updated: 2026-09-23T07:55:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги жыйынтыгы - Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын Торугарт өткөрмө пункту аркылуу экспорттоого макулдашуу болду. Бул Чүй облусунун дыйкандары үчүн Кытай рыногуна чыгуунун жаңы мүмкүнчүлүгү.

Данды Торугарт аркылуу ташуу Эркештамдагы жүктөмдү азайтып, логистиканы кеңейтет. Тараптар Торугарттын иштөө режимин узартууну да талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда Кытайга жылкы, термикалык иштетилген кой-эчки эти жана жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоо боюнча үч протоколго кол коюлду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**