> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда салыктар боюнча мамлекеттик ЖИ-консультант AiSalyk ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/kyrgyzstanda-salyktar-boiuncha-mamlekettik-zhi-konsultant-aisalyk-ishke-kirdi/
- Published: 2026-09-23T12:50:14.000Z
- Updated: 2026-09-23T12:50:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда салык маселелери боюнча мамлекеттик жасалма интеллект консультанты AiSalyk ишке кирди. Бул тууралуу "Салык Сервис" МИсы билдирди.**

> Маалым болгондой, AiSalyk 24/7 режиминде жеткиликтүү. Анын жардамы менен салык маселесин түшүнүү үчүн адист издөөнүн же мыйзамдардагы татаал формулировкаларды өз алдынча талдап отуруунун кажети жок.

Эң негизги өзгөчөлүгү - AiSalyk жеке кабинетте ишкана боюнча жеткиликтүү болгон салыктык маалыматтарды эске алуу менен кеңеш берет. Башкача айтканда, жалпы маалымат бербестен, так сиздин жагдайыңызды түшүнүүгө жана керектүү чечимди табууга жардам берет.

> Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, системанын билим базасы терең жана логикасы бир жылдан ашык убакыт үйрөтүлгөн. Жаңы консультант мурдагы колл-борборду алмаштырды. 

"Эми ЖИ сиздин салыктык маалыматтарыңызды көрүп, кыйла так жана даректүү кеңеш бере алат", - деди ал.

Ошондой эле AiSalyk'тын негизинде жаңы "Салык Кеңеш" бөлүмү ишке кирди. Бул - кодекстер, Министрлер кабинетинин токтомдору жана Салык кызматынын буйруктары топтолгон бирдиктүү база. Документтер категорияларга бөлүнүп, алардын учурда күчүндө экени же жок экени көрсөтүлүп, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.