> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда ӨКМдин республикалык машыгуусу башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/osh-oblusunda-okmdin-respublikalyk-mashyguusu-bashtaldy/
- Published: 2026-09-23T09:00:49.000Z
- Updated: 2026-09-23T09:00:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.**

> Малымдалгандай, машыгуу президент Садыр Жапаровдун 29-январдагы №20 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонууну даярдоо планынын негизинде өтүп жатат.

Иш-чарага ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асанов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Машыгуунун алкагында катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, уранды астында калгандарды издөө, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрт өчүрүү, медициналык жардам көрсөтүү жана калкты коопсуз аймакка чыгаруу боюнча практикалык иштер аткарылат.

Машыгуу 25-сентябрга чейин уланат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**