> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/osh-oblusundagy-abdurashit-ata-charbasyna-57-mln-som-karzhyloo-zhaktyryldy/
- Published: 2026-09-23T12:05:11.000Z
- Updated: 2026-09-23T12:05:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районундагы Кызыл-Тал айылында жайгашкан "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.**

> Маалымдалгандай, чарба жыл сайын 300 тоннадан ашык сүт өндүрөт. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылган. Атап айтканда, "Ёлочка" саан аппараттары, муздаткыч танкер, жем тараткыч жана автоматташтырылган башкаруу системасы орнотулган.

Евроферманы түзүүгө **200 миң доллардан** ашык жеке инвестиция салынган. Долбоордун алкагында 2 трактор, 2 жүк ташуучу унаа жана Европадан алып келинген симментал породасындагы 58 баш бооз торпок сатып алынган.

Мындан тышкары, бул нарк чынжырына кирген 3 айыл чарба кооперативине Мамлекеттик финансылык холдинг тарабынан **57 млн сом** өлчөмүндө каржылоо жактырылган. Каражат сүт өндүрүшүн кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат.

Таанышуу учурунда Аманкан Кенжебаев мындай долбоорлор аймактын сүт кластерин өнүктүрүүгө жана калктын кирешесин жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.

"Абдурашит Ата" фермасы - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ийгиликтүү мисалы. Бул багыттагы долбоорлор аймактын агрардык секторун жаңы деңгээлге чыгарат", - деди ал.

Маалымат үчүн: "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасы 2023-жылдан бери иштейт. Учурда 15 адам туруктуу жумуш менен камсыздалган.