> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/oshto-zhany-unaa-toktotuuchu-zhai-achyldy/
- Published: 2026-09-23T08:45:24.000Z
- Updated: 2026-09-23T08:45:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарында эреже бузган жана ээсиз калтырылган унаалар үчүн атайын токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалымдалгандай, объект Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. 5 452 чарчы метрге асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр, 549 метр темир тосмо орнотулган. 359 метр ирригациялык система тартылып, 300 чарчы метр жашыл аймак түзүлгөн.

Жаңы жайдын абалы менен мэр **Жанарбек Акаев** жана шаардык Кеңештин төрагасы **Болотбек Баетов** таанышып чыкты.

Мэриянын айтымында, жаңы токтотуучу жай жол кыймылын тартипке келтирүүгө жана шаардын санитардык абалын жакшыртууга өбөлгө болот.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**