> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Педагогдордун мыктылары аныктала турган республикалык сынактар башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/pedagogdordun-myktylary-anyktala-turgan-respublikalyk-synaktar-bashtaldy/
- Published: 2026-09-23T06:20:33.000Z
- Updated: 2026-09-23T06:20:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026", "Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026" жана "Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026" республикалык сынактарынын финалдык этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.**

Бүгүн №67 Т.Үмөталиев атындагы мектепте өткөн ачылыш аземге министрдин орун басары Надира Жусупбекова катышты.

> Маалымдалгандай,сынак 25-сентябрга чейин уланат. Финалга облустук этаптан өткөн 133 мугалим, 27 тарбиячы жана кошумча билим берүүдөн 8 педагог катышууда."

Жылдын мыкты мугалими" сынагы 18 номинация боюнча өтөт. Катышуучулар 3 турдан: тест, мастер-класс жана бейтааныш класста сабак өтүүдөн күч сынашат. Жеңүүчү Гран-при жана "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисин алат.

"Жылдын мыкты тарбиячысы" 4 категорияда өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык алат.

Ал эми кошумча билим берүү педагогдорунун сынагы 4 турдан туруп, мыктылар I, II, III даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланат.Үч сынактын тең жеңүүчүлөрү 5-октябрда - Мугалимдер күнүндө сыйланат.