> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Трансформатордон май агып, жерди булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/transformatordon-mai-agyp-zherdi-bulgagan-ishkanaga-65-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-09-23T04:45:07.000Z
- Updated: 2026-09-23T04:45:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, текшерүүдө Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда трансформатордон май агып, жер кыртышы булганганы аныкталды.

Мыйзам бузгандыгы үчүн жергиликтүү ишканалардын бирине **65 000 сом** айып пул салынды.

Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнүн булганышына кайдыгер карабастан, тиешелүү органдарга кабар берүүгө чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**