> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/23/zhogorku-keneshte-maiyptygy-bar-adamdar-uchun-zhetkiliktuuluk-talkuulandy/
- Published: 2026-09-23T10:35:39.000Z
- Updated: 2026-09-23T10:35:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн парламенттин жеткиликтүүлүгүн комплекстүү баалоонун экинчи этабы өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, жолугушууга "Ала-Тоо»" тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутаттар Гүлжан Сатиева, Чолпон Эсенаманова жана тиешелүү тараптар катышты.

Талкууда майыптыгы бар адамдардын парламент ишине катышуусу, депутаттар менен түз байланыш, имараттагы физикалык шарттар, маалыматтык жана санариптик ресурстарды пайдалануу маселелери каралды.

Баалоонун максаты - тоскоолдуктарды аныктап, аларды жоюунун жолдорун иштеп чыгуу.

Иш-чара 22-24-сентябрь күндөрү Жогорку Кеңеш, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу жана Парламентти өнүктүрүү борбору тарабынан, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен өтүп жатат.

Жыйынтыгында парламенттин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштамалар даярдалат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**