> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 210 млн долларга "Хан-Тенгри" турак жай комплекси курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/bishkekte-210-mln-dollarga-khan-tengri-turak-zhai-kompleksi-kurulat/
- Published: 2026-09-24T11:00:41.000Z
- Updated: 2026-09-24T11:00:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Хан-Тенгри девелопмент" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишим түзүлдү. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.**

Келишимге ылайык, Бишкек шаарында "Хан-Тенгри" көп функционалдуу турак жай комплекси курулат. Долбоорго 210 млн АКШ доллары инвестиция тартылат.

Келишимге Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана компаниянын башкы директору Чжоу Цинхуа кол коюшту.

> "Шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Бул долбоор Бишкектин курулуш тармагын жана заманбап инфраструктурасын өнүктүрүүгө өз салымын кошот", - деди Сабиров.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**