> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/bishkekte-borbor-aziiadagy-soodaga-komok-korsotuu-dolboorunun-zhyiyntygy-chygaryldy/
- Published: 2026-09-24T07:32:38.000Z
- Updated: 2026-09-24T07:32:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Бишкекте Экономика жана коммерция министрлиги менен БУУӨП Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалым болгондой, иш-чарада долбоордун жетишкендиктери, сооданы жана ишкердикти өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кыргыз бизнесинин жаңы рынокторго чыгуусу талкууланды.

Долбоордун негизги жыйынтыктары:

• 4 823 чакан жана орто ишканага колдоо көрсөтүлдү, анын ичинен 3 162си аялдарга таандык;

• 837 жаңы жумуш орду түзүлдү, анын 548и аялдар үчүн;колдоого алынган экспорттук келишимдердин көлөмү 17,1 млн АКШ долларына жетти;

• туризм тармагындагы ишканалардын онлайн сатуулары 11,3 млн сомдон 92,9 млн сомго чейин өстү;

• бал өндүрүү 59%га, кургатылган мөмө-жемиш, мөмө жана жаңгак экспорту 36,6%га өстү;

• колдоо алган кол өнөрчүлүк тармагындагы ишканалардын кирешеси 35%га өстү.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова төрт жыл ичинде экспортту колдоонун улуттук системасынын иштеген элементтери түзүлгөнүн белгиледи. Кийинки милдет - натыйжалуу чечимдерди масштабдоо.

Алдыдагы артыкчылыктардын катарында бизнестин экспорттук каржылоого, эл аралык стандарттарга жана сертификацияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, логистиканы жана жаңы соода жолдорун өнүктүрүү, ошондой эле жаңы рынокторго чыгуу бар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/819147204_943422358364210_9186000901352008937_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/822919973_1534231155142241_6339520684481082988_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/819902996_1865188721520703_5451775306148371270_n.png.jpeg)