> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте шаар курууну санариптештирген система патент алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/bishkekte-shaar-kuruunu-sanaripteshtirgen-sistema-patent-aldy/
- Published: 2026-09-24T04:45:46.000Z
- Updated: 2026-09-24T04:45:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Шаар куруу процесстерин санариптештирүү максатында иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система (АИС БГА) расмий укуктук коргоого алынып, ага патент берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, аталган система Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында толук кандуу иштеп жатат. Бүгүнкү күндө башкармалыктагы электрондук документ жүгүртүүнүн үлүшү 75 пайыздан ашат.

Системаны ишке киргизүү шаар куруу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыздоого, адам факторунун таасирин азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган. Санариптик формат жарандар менен ишкерлердин башкармалык менен иш алып баруусун бир топ жеңилдетүүдө.

Патенттин алынышы шаар куруу тармагындагы санариптик өнүгүүнүн кезектеги этабы болуп саналат. Мындан ары системаны өркүндөтүү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүү пландалууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**