> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/koreiadan-myizamsyz-tashylgan-2-unaa-uchun-biudzhetke-1-8-mln-som-onduruldu/
- Published: 2026-09-24T09:30:25.000Z
- Updated: 2026-09-24T09:30:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**"Түндүк" темир жол бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмү ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.**

> Маалымдалгандай, Корея Республикасынан 2025-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY жана 2024-жылы чыгарылган BOMBARDIER SKI SNOW транспорт каражаттары транзиттик декларациясыз жана коштоочу документтерсиз алып кирилген.

Бюджетке келтирилген зыян туумдарды эске алуу менен **923 миң 472 сомду** түзгөн. Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында бюджетке келтирилген зыян эки эселенген өлчөмдө - **1 млн 846 миң 944 сом** өндүрүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**