> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызфармация" беларусиялык өндүрүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/kyrgyzfarmatsiia-belarusiialyk-onduruuchu-menen-suiloshuulordu-otkordu/
- Published: 2026-09-24T11:25:26.000Z
- Updated: 2026-09-24T11:25:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**"Кыргызфармация" МИ "Медбиотех" беларусиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.**

> Маалымдалгандай, жолугушуу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн борборлоштурулган сатып алууларга даярдык көрүү алкагында өттү.

Беларусиялык ишкана травматология, ортопедия жана нейрохирургия үчүн импланттарды жана конструкцияларды өндүрүүгө адистешкен.

Жолугушууда түздөн-түз жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү, продукцияга коюлуучу талаптар жана борборлоштурулган сатып алуулар алкагында кызматташуу келечеги талкууланды.

"Кыргызфармация" мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын керектүү медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн эл аралык өндүрүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууда.