> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыяда короосуна кара куурай өстүргөн жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/kyzyl-kyiada-koroosuna-kara-kuurai-osturgon-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-09-24T05:30:27.000Z
- Updated: 2026-09-24T05:30:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Баткен облусунун аймагында Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен 22-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Кара-Куурай" аталышындагы ыкчам иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

> Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарында алынган ыкчам маалыматтын негизинде мыйзамсыз баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүү фактысына бөгөт коюлду.

Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө учурунда Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы Ю.Д. аттуу жаранынын турак үйүнө кароо жүргүзүлгөн. Натыйжада короодон 31 даана, 11 кг 85 граммды түзгөн кара куурай өсүмдүгүнө окшош тирүү заттар аныкталып алынган.

> Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар баңги каражаттарын камтыган, жалпы кургатылган салмагы 4 кг 483,8 граммды түзгөн кара куурай өсүмдүгү экени аныкталды.

Аталган факты боюнча шектүү Ю.Д. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.