> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/24/prezidentti-shailoonu-daiyndoo-zhonundo-zhogorku-keneshtin-toktom-dolbooru-kabyl-alyndy/
- Published: 2026-09-24T05:00:58.000Z
- Updated: 2026-09-24T05:00:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз еызматы кабарлады.**

Жыйында аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева маалымат берди.

> Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат. Кезектеги шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айындагы төртүнчү шаршембиде өткөрүлөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**